Иран жаңы баллистикалык ракетасын таанытты
Жаңы баллистикалык ракетанын катуу күйүүчү май жана жогорку маневрдүүлүк менен 1 миң 450 километрге жете турганы белгиленди.
Иран дүйнөлүк державалар менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдө акыркы этабына кирип, «Хайбершекен» (Хайберди майдалагыч) деп аталган кургактыктан кургактыкка 1 миң 450 километр аралыктуу жаңы баллистикалык ракетасын танытты.
Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн билдиргенине караганда «Хайбершекен» аттуу жаңы алыс аралыкка атуучу баллистикалык ракета башкы штабдын төрагасы, генерал - майор Мухаммед Бакыри жана Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын аба күчтөрү командири генерал - майор Эмир Али Хажызаденин бир ракета базасына жасаган сапары учурунда таанытылды.
Жаңы баллистикалык ракетанын катуу күйүүчү май жана жогорку маневрдүүлүк менен 1 миң 450 километрге жете турганы белгиленди.
Баллистикалык ракета программасы тууралуу АКШ башта болгон батыштык өлкөлөр менен көйгөйлөрдү жашаган Тегеран башкаруусу ракета программасынын сүйлөшүлбөй тургандыгын жарыялады.