Украинада аскерлер жаран калкты машыктырууда...

Сырттагы иш-чаранын алкагында жарандарга мүмкүн болгон согуш учурунда алгачкы жардам көрсөтүү, курал колдонуу жана коргонуу тактикасын камтыган алгачкы аскердик даярдыктар берилди.

1774157
Украинада аскерлер жаран калкты машыктырууда...

Украинанын борбору Киевде согуш ыктымалдыгына каршы армиянын резервдеги бөлүктөрүндө карапайым калкка алгачкы аскердик даярдыктар өтүүдө.

Деснянский аймактык коргонуу батальону, Киевдеги коргонуу штабы жана айрым бейөкмөт уюмдардын катышуусунда өткөн аскердик машыгууга жаш-кары дебей көптөгөн украиндер катышты.

Сырттагы иш-чаранын алкагында жарандарга мүмкүн болгон согуш учурунда алгачкы жардам көрсөтүү, курал колдонуу жана коргонуу тактикасын камтыган алгачкы аскердик даярдыктар берилди.

Киевдин Коргоо штабынын өкүлү Андрей Рикун машыгуу аймакты коргой турган адамдарды бириктирүү үчүн уюштурулганын билдирди.

Катышуучулардын душманды керектүү учурда мизин майтарууга даярдашкандарын белгилеген Рикун:«Тренингдин алкагында алар өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялоону, биринчи жардам көрсөтүүнү жана үй-бүлөсүн кантип коргоону үйрөнүшөт»,-деди.

Рикун бул машыгууларды 2014-жылдан бери өткөрүп жатышканын жана мындан ары да уланта тургандарын белгиледи.

54 жаштагы запастагы жоокер Сергей Амусевич машыгуунун максаты аскердик кырдаалда дүрбөлөңдүн алдын алуу жана эмне кылуу керектигин үйрөтүү экенин айтты.

Жазга чейин өлкөдө жарым миллион кишинин билим алышын максат кылгандарын белгилеген Амусевич: «Жардамы үчүн дос Түркияга чоң рахмат, Түркия боордош эл»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия менен Украинанын ортосунда арачы болуу аракетинин оң болооорун билдирген Амусевич: «Албетте, мүмкүн болсо, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керек, бирок жаңжал чыкса, өзүбүздү коргойбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар