Орусия менен Беларусь 20дан ашык машыгуу өткөрөт

Беларустун борбор шаары Минскте Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушкан Шойгу, Орусия менен Беларустун биргелешкен аскердик машыгуулары тууралуу билдирүү жасады.

1773092
Орусия менен Беларусь 20дан ашык машыгуу өткөрөт

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу быйыл Беларусь менен 20дан ашык биргелешкен аскердик машыгуу өткөрө тургандарын айтты.

Беларустун борбор шаары Минскте Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушкан Шойгу, Орусия менен Беларустун биргелешкен аскердик машыгуулары тууралуу билдирүү жасады.

Беларусь менен 10-20-февраль күндөрүнүн аралыгында «Союздаш чечкиндүүлүк-2022» биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрө тургандарын белгилеген Шойгу, бул үчүн Орусиянын чыгышынан Беларуска аскердик бөлүк жана техника жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Шойгу «Чыгыш-2022» аскердик машыгуусу да боло турганы тууралуу маалыматты берип: «Быйыл бизде 20дан ашык биргелешкен машыгуулар бар»,-деди.

Лукашенко да айтылган машыгуулар менен Украина менен чек араны бекемдөөнү максат кылгандарын айтып: «Абал курчуп баратат. Биз жооп берүүгө аргасызбыз»,-деп айтты.

Машыгуулар үчүн Орусия жөнөткөн аскердик техниканы келечекте сатып алууну пландагандарын белгилеген Лукашенко: «Бул НАТО менен Украинанын аракеттерине байланыштуу биздин Биримдик мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү»,-деген баасын берди.

Орусиянын колдоосу менен машыгуу максатында аскердик борборлорду түзүүгө даяр экендиктерин билдирген Лукашенко мунун Орусияда чыгарылган абадан коргонуу системаларын жана заманбап куралдарды колдонууну үйрөнүүлөрү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Беларустун Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Орусиянын аскердик машыгуу үчүн жөнөткөн С-400 абадан коргонуу системалары Беларуска келди.

Бул системалар Беларустун Брест аймагындагы полигондо машыгууларда колдонула турганы айтылды.



Тектеш кабарлар