Песков Британиянын санкцияларын «иш дүйнөсүнө кол салуу» деп мүнөздөдү

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Британиянын орусиялык компанияларга каршы жаңы санкцияларын «иш дүйнөсүнө кол салуу» деп мүнөздөдү.

1771056
Песков Британиянын санкцияларын «иш дүйнөсүнө кол салуу» деп мүнөздөдү

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Британиянын орусиялык компанияларга каршы жаңы санкцияларын «иш дүйнөсүнө кол салуу» деп мүнөздөдү.

Песков:«Бул жерде бизнеске жашыруун кол салуу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул Лондондун абдан кооптондурган билдирүүсү, менимче, бул биз үчүн гана эмес, биздин компаниялар үчүн да тынчсыздандыруучу»,-деди.

Песков борбор шаар Москвада Англиянын тышкы иштер министри Лиз Трасстын орус олигархтарына, банктарына жана энергетикалык компанияларына жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүн экендигине байланыштуу билдирүүлөрүнө баа берди.

Трасстын сөз кылынган кадамдарды санкция деп аташына макул эместиктерин айткан Песков:«Менин оюмча, биз бардыгын өз аты менен аташыбыз керек. Бул жерде бизнеске жашыруун кол салуу жөнүндө сөз болуп жатат»,-деди.

Песков жогоруда айтылган сөздөрдүн Лондондун инвестициялык жагымдуулугуна зыян келтиргенин айтып:«Бизнеске түз коркунучтар тууралуу көп уга бербейсиз. Бул Лондондун абдан кооптондурган билдирүүсү, менимче, бул биз үчүн гана эмес, биздин компаниялар үчүн да тынчсыздандыруучу»,-деген өз баасын берди.

Орусиянын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен санкцияларга өз ара мамилеге ылайык жооп берерин белгилеген Песков: «Бир өлкөнүн орусиялык бизнеске кол салышы, албетте, жооп кайтаруу чараларын көрүүнү билдирет жана бул чаралар биздин жеке кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен түзүлөт»,-деди.



Тектеш кабарлар