ДЕАШ Керкүктө полиция пунктуна кол салды
Бул тууралуу маалыматты Керкүктүн полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури билдирди.
1770898
Ирактын Керкүк шаарында террордук уюм ДЕАШтын федералдык полиция күчтөрүнө кол салуусунда 2 полиция шейит болду.
Керкүктүн полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури, шаардын түштүгүндөгү Эр-Рияд кичи районуна жакын жерде Ирактын федералдык полициясына таандык байкоочу жайга куралдуу кол салуу болгонун билдирди.
Кол салуунун террор уюму ДЕАШ тарабынан Ахмед эт-Тайяр айылына жакын жердеги байкоо пунктунда жасалганын белгилеген Нури, жеңил куралдар колдонулган кол салууда 2 полиция шейит болуп, 1 полиция оор жараланганын айтты.
Кол салуудан кийин иликтөө башталганын белгилеген Нури жакын арада аймакта операция баштала турганын билдирди.