Нигериядагы бир алтын кени урады

Кырсыкта тогуз киши каза болду.

1770083
Нигериядагы  бир алтын кени урады

Нигерияда мыйзамсыз алтын кенинин урашы менен тогуз киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда,  өлкөнүн Кросс-Ривер штатынын борбору Калабарга жакын жердеги Биас районундагы кен урады.

Кырсыкта алгачкы белгилөөлөргө караганда 9 киши каза болуп, көп сандаган кишиден кабар алына  албай жатат. Жетекчилер аймакта издөө -  куткаруу иштеринин башталгандыгын билдиришти. 

 

 



Тектеш кабарлар