Европа Биримдигинен Россияга жооп кайтаруу даярдыгы

Жосеп Бореллдин кеңсесинен берилген маалыматта Россия тарабынан Европа Биримдиги мекемелеринен жана мүчө өлкөлөрдөн «белгисиз сандагы» жетекчилердин өлкөгө киришине чектөө киргизидгендиги билдирилди.

1770062
Европа Биримдигинен Россияга  жооп кайтаруу даярдыгы

Европа Биримдиги Европа Биримдиги жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн айрым жетекчилерине Россияга кирүүсүнө тыюу салган Россияга жооп беришерин жарыялады.

Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана Коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Бореллдин кеңсесинен берилген маалыматта Россия тарабынан Европа Биримдиги мекемелеринен жана мүчө өлкөлөрдөн «белгисиз сандагы» жетекчилердин өлкөгө киришине чектөө киргизидгендиги билдирилди.

«Европа Биримдиги орус мекемелеринин бул чечиминен санааркап жатат»,- деп белгиленген маалыматта чечимдин мыйзамдуу негиздеринин жок экендиги жана : «Бул чечимдин өзүнө ылайык жообу болот. Россия бул чечим менен бирге чыңалуунун азайышына салым кошуунун ордуна Европадачыңалуу климатын күчөтүп жатат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар