Тунисте кеме чөктү: 6 адам каза болду

34 адам куткарылып, 6 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылганы айтылды.

1769801
Тунисте кеме чөктү: 6 адам каза болду

Тунистин жээгинде мыйзамсыз иммигранттарды ташыган кеме чөгүп, алты адам каза болду.

Тунис расмий агенттигинин кабарына караганда Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Зерсиз жээгинде бир кеменин чөгүп кеткени билдирилгенден кийин издөө-куткаруу иштеринин башталганы белгиленди.

Топтордун ишинин натыйжасында 34 адам куткарылып, 6 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылганы айтылды.

Билдирүүдө куткаруу иштерин Аскер-деңиз флотунун суучулдары жүргүзгөндүгү, мыйзамсыз мигранттардын Африканын жарандары экени белгиленди.

Африканын түндүгүндөгү Тунис жана Ливия сыяктуу өлкөлөр Жер Ортолук деңизинен мыйзамсыз жолдор менен Европага жетүүнү каалаган иммигранттар үчүн кетүүчү чекит болуп эсептелет.



Тектеш кабарлар