Лавров: «Биз Украина менен согушууну каалабайбыз»

Лавров орус радиолоруна берген маегинде, Орусия менен АКШнын ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1769869
Лавров: «Биз Украина менен согушууну каалабайбыз»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина менен согушууну каалабагандарын билдирип: «Эгерде бул Орусияга көз каранды болсо согуш болбойт»,- деди.

Лавров орус радиолоруна берген маегинде, Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы чыңалууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

АКШ жана НАТОдон коопсуздук сунуштарын жазуу түрүндөгү жооп катары алгандарына көңүл бурган Лавров, бул жооптордо экинчи даражадагы темалар менен байланышкан рационалдуу элементтердин бар экенин айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Европада жана дүйнөнүн берки аймактарында орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталарды жайгаштырууга «мораторий» киргизүүнү сунуштаганын эске салган Лавров: «Бул ушул жооптордо камтылган. Ошондой эле машыгууларды эки тараптын чек араларынан алыс өткөрүү, согуштук учактар ​​менен кемелердин ортосундагы аралык, чыңалууну басаңдатуу жана ишенимди чыңдоого байланыштуу сунуштарыбыз бар болчу. Булардын баары акыркы 2-3 жылда четке кагылды. Эми болсо бардыгын алар менен кеңешүү сунушталууда»,-деп айтты.

Орусия, АКШ жана НАТОнун ортосунда ар кандай коопсуздук кепилдиги сунуштары боюнча сүйлөшүүлөрдүн аяктай электигине көңүл бурган Лавров, бул темада бир нече жумадан кийин орус-америка сүйлөшүүсүнүн өткөрүлө турганын маалымдады.

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш ыктымалдыгына сереп салган Лавров: «Эгер ал Орусияга көз каранды болсо анда согуш болбойт. Биз согушту каалабайбыз. Бирок кызыкчылыктарыбыздын тебеленип, көз жаздымда калышына жол бербейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар