Израиль полициясы кар ыргытты деген негиз менен палестиналыктарды камакка алды

Израиль полициясы оккупациядагы Чыгыш Кудста "полиция унааларына кар ыргытты" деген негиз менен 3 палестиналыкты камакка алды.

1769666
Израиль полициясы кар ыргытты деген негиз менен палестиналыктарды камакка алды

Израиль полициясы оккупациядагы Чыгыш Кудста "полиция унааларына кар ыргытты" деген негиз менен 3 палестиналыкты камакка алды. Алардын ичинен экөөсү балдар.

Израилдин "Едиот Ахранот" гезитинин кабарында акыркы 24 саатта Чыгыш Кудстун түрдүү аймактарында болгон окуяларда Израиль күчтөрү тарабынан камакка алынгандардын саны 45ке жеткендиги билдирилди. 

Кабарда Израиль коопсуздук күчтөрүнүн Кудста полиция унааларына кар ыргыткан экөөсү бала болгон 3 палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилди. 

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айлаган камакка алуулардан кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын айрымдары көптөгөн күндөр  камакка алуу борборлорунда кармалууда. 

 

 



Тектеш кабарлар