Байден менен Зеленский сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1769594
Байден менен Зеленский сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден Орусия Украинага кол салса АКШнын өнөктөштөрү жана союздаштары менен чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экенин дагы бир жолу билдирип, АКШнын Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине колдоосун кайталады.

АКШнын Украинага өткөн жылы жарым миллиард долларлык өнүгүү жана гуманитардык жардам бергенине көңүл бурган Байден, АКШнын Орусиянын аскердик күчүнүн натыйжасында Украина экономикасына колдоо көрсөтүү үчүн макроэкономикалык колдоонун жолдорун издегенин айтты.

Байден сүйлөшүүдө, элчиликтин кызматкерлери өлкөдөн чыгып кеткенине карабай АКШнын Киевдеги элчилиги ачык жана толук иштеп жатканын баса белгиледи.

Украинанын президенти Зеленский да Байден менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу расмий Твиттер баракчасына билдирүү жасады.

Зеленский: «Сүйлөшүү көпкө созулду. Биз чыңалууну басаңдатуу боюнча дипломатиялык демилгелерди талкууладык. Келечекте биргелешкен кадамдар тууралуу макулдаштык. Байденге аскердик жардамын үзгүлтүксүз көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирдим. Мындан тышкары, Украинага каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды»,-деди.

Ал арада Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Эмили Хорн билдирүүсүндө, Байдендин Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө: «Орусиянын Украинага келерки айда басып кирерине байланыштуу ачык ыктымалдуулук бар»,- дегенин айтты.

Хорн: «Президент муну абдан ачык айтты жана биз да бул тууралуу бир нече айдан бери эскертип келе жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар