Багдад аэропортуна ракета менен кол салуу болду

Кол салууда перрондогу бош жарандык учактардын биринин жабыркаганы маалымдалды.

1769808
Багдад аэропортуна ракета менен кол салуу болду

Иракта Багдад эл аралык аэропортунун жарандык канатына 6 ракета менен кол салуу болду.

Премьер - министрликке жакындыгы менен белгилүү болгон «NasNews» кабар сайтынын маалыматына караганда, Багдад эл аралык аэропортунун жарандык канатына эртең менен 6 ракета менен кол салуу болду.

Кол салууда перрондогу бош жарандык учактардын биринин жабыркаганы билдирилип,   жабыркаган жарандык учактын сүрөттөрү да жарыяланды. 

Багдаддын эл аралык аэропортунда Америка Кошмо Штаттарынын аскердик базасы да бар.

Ирактын расмий бийликтери кол салууга байланыштуу эч кандай маалымат бере  элек.



Тектеш кабарлар