Африкада тропикалык бороондон каза тапкандардын саны көбөйдү

Мындан тышкары бороон-чапкындан улам Мадагаскар, Мозамбик жана Малавиде 600 миң гектар айыл чарба жери жараксыз абалга келди.

1769686
Африкада тропикалык бороондон каза тапкандардын саны көбөйдү

Африканын түштүк-чыгышына таасирин тийгизген тропикалык «Ана» бороонунан улам Мадагаскар, Мозамбик жана Малавиде каза болгондордун саны 78ге жетти.

Мадагаскардын Улуттук тобокелдик жана апаатты башкаруу агенттигинин билдирүүсүндө, өлкөдө өткөн жумадан бери бороондон улам 41 кишинин каза болгону, болжол менен 110 миң кишинин үйсүз калганы айтылды.

Өлкөдөгү мектептер жана спорт залдары чукул баш калкалоочу жайларга айландырылды.

Мозамбиктин Улуттук тобокелдик жана кырсыктарды азайтуу институту болсо тропикалык бороондон 18 мозамбиктик каза болгонун кабарлады.

Малавинин президенти Лазарус Чаквара «Ана» бороонунан улам өлкөнүн түштүк бөлүгүндө "улуттук апаат" деп жарыялады.

Малавинин табигый кырсыктар боюнча агенттиги бороондон 19 малавиликтин каза болгонун 107 кишинин жаракат алганын, 217 миңге жакын адамдын үй-жайсыз калганын билдирди.

Ушундайча "Ана" тропикалык бороондон каза болгондордун саны 78ге жетти.

Мындан тышкары бороон-чапкындан улам Мадагаскар, Мозамбик жана Малавиде 600 миң гектар айыл чарба жери жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар