Италия Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөттү

Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо, Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн колдоо үчүн иштөөнү уланта тургандарын билдирди.

1768871
Италия Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөттү

Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо, Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн колдоо үчүн иштөөнү уланта тургандарын билдирди.

Италия басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Ди Майо Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу : "Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоо, ошондой эле мүмкүн болуучу эреже бузууларга бекем жана пропорционалдуу жооп берүү үчүн өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен аракет кылабыз жана иштейбиз",- деп баа берди.  

Ди Майонун Италиянын бул маселенин дипломатиялык жол менен чечилишин жана чыңалуунун түшүрүлүшүн жактаганын баса белгилегени билдирилди.

Ошондой эле Италиянын тышкы иштер министри бул маселеде Москва менен тең салмактуу мамиле жасоо зарылдыгын билдиргени маалымдалды.



Тектеш кабарлар