Франция жана Япониядагы куш тумоосу

Францияда эпидемия башталган сентябрь айынан бери 2,5 миллион канаттуунун жок кылынганы белгиленди.

1769253
Франция жана Япониядагы куш тумоосу

Францияда куш тумоосу эпидемиясы уланууда.

Айыл чарба министрлигинен берилген маалыматта куш тумоосунун өлкө боюнча 280 канаттуулар фермасында байкалып, эпидемия башталган сентябрь айынан бери 2,5 миллион канаттуунун жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экени, чарба ээлеринин чыгымдарынын камсыз кылынары  билдирилди.

Маалыматта эпидемиядан канаттуу эти тармагынын таасирленбегендиги, Франция калкынын коопсуз түрдө канатуу этин жана жумурткаларды пайдалана алары белгиленди.

Айыл чарба министри Жулиен Денорманди куш тумоосуна каршы эффективдүү вакцина табуу аракеттеринин тездетилиши керектигин жана 2 потенциалдуу вакцинанын сыноолору алдыдагы жумаларда баштала турганын билдирди.

Францияда ноябрь айынын башында куш тумоосуна каршы кооптуу абал жогорку деңгээлге көтөрүлүп, эпидемиянын жайылышын алдын алуу үчүн канаттуулар фермалары карантинге алынган.

Куш тумоосунун жайылбашы үчүн фермалардын 95 пайыздан ашыгынын  үстү жабылган.

Өткөн жылы өлкөдө куш тумоосунун айынан 3,5 миллион үй канаттуулары жок кылынган.

Япониянын Чиба провинциясындагы фермада да куш тумоосу чыкты.

Коомдук телеканал NHKнын кабарына караганда Чибанын Соса районундагы тоок фермасында бир өрдөк түрүнүн өлүшүнөн кийин жүргүзүлгөн анализдерде көптөгөн  өрдөктө жогорку деңгээлдеги жугуштуу куш тумоосу аныкталды.

Айланадагы райондорго чөжө өрдөктөр жана азык-түлүктөрүн жөнөтүү эки жумага токтотулду.

Мамлекеттин губернаторлугу эпидемия  аныкталгандан кийин 1000ге жакын тооктун жок кылынганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар