Жо Байден журналисттердин суроолоруна жооп берди

Жо Байден Украинага басып кирсе орус президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды киргизе аларын билдирди.

1768289
Жо Байден журналисттердин суроолоруна жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин Украинага аскер жиберүү ниети жок экени кабарланды.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки күнүмдүк маалымат жыйынында Орусиянын Украинаны каалаган учурда басып алуу коркунучунун уланып жатканын, бирок анын качан болоорун болжолдобогондорун айтты. Жен Псаки: «Биз (Орусиянын президенти Владимир) Путиндин эмне ойлоп жатканын биле албай жатабыз»,-деди.

АКШнын ар кандай сценарийлер үчүн кылдат экенин баса белгилеген Псаки: «Биздин тандаган жолубуз дипломатия, бирок чек ара аймагындагы кыймылдуулуктун жогорулаганын көрүп жатабыз»,-деп сереп салды.

Байдендин учурдагы басымынын НАТОнун чыгыш канаты экенин билдирген Псаки: «Байдендин Украинага аскер жиберүү ниети же каалоосу жок»,-деди.

Ал арада Жо Байден Украинага басып кирсе орус президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды киргизе аларын билдирди.

Жо Байден баш калаа Вашингтондогу чакан ишканага барганда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Байден 8 миң 500 америкалык аскердин НАТОнун чыгыш канатындагы өлкөлөрдү коргоо үчүн коңгуроо күтүп турганын жана бул аскерлердин бир бөлүгүнүн жакынкы келечекте Европага жөнөшү мүмкүн экенин айтып: «Эч бир НАТО өлкөсү коркпошу керек, биз НАТО катары аларды коргоого келебиз»,-деди.

Украинага ыктымалдуу басып кирүүнүн Орусия үчүн экономикалык кесепеттерге алып келерин белгилеген Байден: «Украинага Америка же НАТО аскерлерин жайгаштыруу планыбыз жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар