Түрк профессору бардык варианттарга каршы эффективдүү дарылоо ыкмасын иштеп чыкты

Доктор Дерья Унутмаз, синтетикалык биология технологиясын колдонуу менен жаңы дарылоо ыкмасын изилдөөдө олуттуу ийгиликтерге жетишкендерин айтты.

1768616
Түрк профессору бардык варианттарга каршы эффективдүү дарылоо ыкмасын иштеп чыкты

АКШда түрк профессору жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) бардык варианттарына каршы эффективдүү дарылоо ыкмасын иштеп чыкты.

Коннектикуттагы Жексон Лабораториялык Институтунун башкы изилдөөчүсү катары кызмат кылган профессор доктор Дерья Унутмаз, синтетикалык биология технологиясын колдонуу менен жаңы дарылоо ыкмасын изилдөөдө олуттуу ийгиликтерге жетишкендерин айтты.

30 жылдан бери иммунология боюнча адис болуп иштеген Унутмаз, Ковид-19 варианттарынын организм тарабынан иштелип чыккан антителолордон качып кутула аларын, ошондуктан эмдөөдөн өткөн адамдар да вирусту жуктуруп алышарын белгиледи.

Ковид-19дун эч бир вариантынын бул ыкмадан кача албастыгын белгилеген Унутмаз, вирус өзүн өнүктүргөн сайын бул синтетикалык кулпуга ого бетер жакшы байланышканын, ошондуктан алардын изилдөөсүнүн келечекте пайда болушу мүмкүн болгон варианттарга каршы эффективдүү ыкма болорун айтты.

Синтетикалык молекулалардын вирустуу клеткаларды көрсөтүү менен аларды жок кылууга жардам берерин айткан профессор: «Ушундай жол менен биз вирустун көбөйүшүнө, башкача айтканда башка клеткаларга жайылышына жол бербейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар