Польша Беларусь чек арасына дубал тургуза баштады

186 километрдик дубалдын курулушун июнь айында бүтүрүү пландалууда.

1768340
Польша Беларусь чек арасына дубал тургуза баштады

Польша Беларусь аркылуу келген мыйзамсыз мигрант санындагы өсүү боюнча чечим чыгарган чек арага дубал тургузуу ишин баштады.

1,6 миллиард злотый (болжол менен 350 миллион евро) сарптала турган 186 километрдик дубалдын курулушун июнь айында бүтүрүү пландалууда.

Жай айларынан бери  мыйзамсыз мигрант санындагы көбөйүүдөн улам чек арага дубал тургузуу чечимин чыгарган Польша башкаруусу  Чек араны коргоо бөлүмү (Straz Graniczna) соцтармагынан жарыялаган видео менен курулуштун башталгандыгын жарыялады.

Курулуштун Польша  -  Беларусь чек арасында 4 башка аймакта бир убакта башталгандыгы айтылган дубалдын узундугунун 186 километр болору маалымдалды.



Тектеш кабарлар