Песков АКШнын активдерин тоңдуруу боюнча коркутуусуна сереп салды

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

1768725
Песков АКШнын активдерин тоңдуруу боюнча коркутуусуна сереп салды

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын активдерин тоңдуруу боюнча коркутуусу орусиялык жогорку даражалуу аткаминерлер үчүн «оор көйгөй эмес» экенин айтты.

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

АКШ Конгрессинин жана Сенатынын мүчөлөрүнүн Орусиянын жогорку даражалуу аткаминерлеринин мүлктөрүн тоңдуруу менен коркутканына көңүл бурган Песков: «Бул теманы толук билбеген АКШнын конгрессмендери жана сенаторлору  орус администрациясынын өкүлдөрүнүн активдерин, банк эсептерин, кыймылсыз мүлктөрүн тоңдуруу тууралуу айтып жатышат. Кеп алардын маалыматынын жетишсиздигинде жатат. Бул маселе жогорку даражалуу жетекчилер үчүн оор көйгөй эмес. Бул саясий жактан алганда азаптуу эмес, бирок кыйратуучу»,-деп айтты.

Песков Орусиянын президенти Владимир Путиндин айлыгы «Россия» банкындагы эсебине салынганын жана бул банкка каршы санкциялар киргизилгенин айтты.

Украинанын чыгышы маселесине токтолгон Песков Нормандия форматындагы өлкөлөрдүн (Орусия, Германия, Франция жана Украина) лидерлеринин орун басарлары бул маселени талкуулай турганын белгиледи.

Бул жолугушуу жыйынтыкка багытталган болот деген үмүтүн бөлүшкөн Песков, Путиндин Украинанын чыгышында 2014-жылы орусиячыл жикчилдер тарабынан жарыяланган Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Эл Республикасы деп аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландабаганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар