"Франция Буркина - Фасодогу козголоң үчүн иштеди",- деп айтылууда

24 - январда Буркина - Фасодо бир топ аскер бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш тууралуу билдирүүнү RTB мамлекеттик телеканалынан окушту.

1768285
"Франция Буркина  -  Фасодогу козголоң үчүн иштеди",- деп айтылууда

Франциянын сентябрь айынан бери Буркина  -  Фасодо армиянын башкарууну колго алышы үчүн сценарийлер боюнча иштеп жаткандыгы билдирилди.

Парижде жарыяланган Afrika Intelligence интернет сайтында орун алган кабарга караганда француз дипломаттарынын сентябрь айынан бери бийликти армия тарабынан басып алуу сценарийлеринин үстүндө иштеп жатканы жана Париж башкаруусунун  президент Рох Кристиан Кабореге 23 - январда өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүүнү сунуш кылганы белгиленди.

Француз бийлигинин 23 - январда  күн боюу  Каборе менен байланышта болгонун, бирок мурунку күнү байланыштын үзүлгөндүгү билдирген кабарда Елисей сарайынын бул айтылгандарды четке какканы айтылды.

24 - январда Буркина - Фасодо бир топ аскер бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш тууралуу билдирүүнү RTB мамлекеттик телеканалынан окушту.

Аскерлер тарабынан кармалган президент Каборе кызматынан кетти.



Тектеш кабарлар