Украина парламентинен чакырык

Парламент Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууга байланыштуу чогулду.

1768090
Украина парламентинен чакырык

Украин парламенти эл аралык коомчулукту “Орусиянын Украинага каршы аскерий шантажына жол бербөөгө” чакырды.

Парламент Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууга байланыштуу чогулду.

Жыйында Орусиянын Украинага каршы аскерий аракеттерине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Европарламентке (ЕП), чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана парламенттерине, эл аралык уюмдарга кайрылуу жасоо жөнүндөгү декларация кабыл алынды.

Жыйынга катышкан 319 депутаттын 282синин добушу менен кабыл алынган декларацияда "Орусия Украинанын Европага жана НАТОго карата аракетинин алдын алуу үчүн аскерий шантаж кылууда жана бул кабыл алынгыс" деп айтылды.



Тектеш кабарлар