Орусия АКШнын Украинадагы чыңалууну күчөтүшүнө тынчсызданууда...

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, журналисттерге маалымат берди.

1768132
Орусия АКШнын Украинадагы чыңалууну күчөтүшүнө тынчсызданууда...

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну күчөтүшүнө тынчсызданышкандарын айтты.

Песков борбор калаа Москвада журналисттерге маалымат берип жатканда: «АКШ маалымат менен да, иш жүзүндө да чыңалууну күчөтүп жатат. Бул жагынан эч нерсе өзгөргөн жок. Биз АКШнын бул багыттагы аракеттерине чоң тынчсыздануу менен көз салып жатабыз»,-деди.

Украина кризисинде күтүлбөгөн жагдайларга каршы НАТОнун Жооп берүү күчтөрүнүн ишке киришкен учурунда АКШнын 8 миң 500 аскерин күжүрмөн даярдыкка келтиргенине көңүл бурган Песков, мунун Орусия менен АКШ жана НАТОнун ортосундагы коопсуздук сүйлөшүүлөрүнө таасир этпей турганын белгиледи.

Песков: «Учурдагы этапта сүйлөшүүлөр аяктады. Биз сүйлөшүүлөрдү кантип жана качан кайра баштаарыбызды түшүнүү үчүн жазуу жүзүндөгү жоопторду күтүп жатабыз. Бул ушул аптада болот деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар