Навальный "террор менен байланышы бар кишилердин" тизмесинде
Россиялык оппозициячыл Алексей Навальный Россияда терроризм жана экстремизм менен байланышы бар адамдардын тизмесине кирди.

Россиялык оппозициячыл Алексей Навальный Россияда терроризм жана экстремизм менен байланышы бар адамдардын тизмесине кирди.
Россиянын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматы жарыялаган тизмеде өлкөдөгү терроризм жана экстремизм менен байланышы бар адамдар жана мекемелер тууралуу маалыматтар камтылды. Тизмеде Навальный менен иштешкен башка оппозициячылдардын ысымдары да бар.
Россиянын Тергөө комитети Навальныйга каршы 20 - октябрда "экстремисттик жамаатты түзгөн жана жетектеген" деген жүйө менен тергөө башталганын билдирген.
Оппозициячыл Алексей Навальный ууланды деген негиз менен Германиянын борбор шаары Берлинде дарылангандан кийин 17 - январда Москвага кайтуусунда аэропортто кармалган.
Россия Федералдык жаза аткаруу кызматынын талабы боюнча 2 - февралда Москва шаардык сотунда Навальныйга каршы ачылган доо жыйынтыкталып, сот Навальныйды мурда коррупция боюнча козголгон доонун натыйжасында 3,5 жылдык кечеңдетилген абак жазасын соттук көзөмөлдөө шарттарын орундаткан эмес деген негиз менен нормалдуу түрдө эркинен ажыраткан.
Россиянын Тергөө комитети 11 - августта Навальныйга каршы ал негиздеген Коррупцияга каршы фонд ФБКнын адам укуктарын бузган деген жүйө менен жаңы тергөө башталганын билдирди.
Ал эми ФБК 31 - августта соттун чечими менен жоюлган.