Канада Украинадагы дипломатиялык кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн чыгарып кетет
Бул тууралуу Канаданын глобалдык иштер боюнча бюросу билдирди.

Канада Украинадагы дипломатиялык кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн чыгарып кетет.
Канаданын глобалдык иштер боюнча бюросунун билдирүүсүндө (Global Affairs Canada), «Канадалыктардын жана чет өлкөдөгү кызматкерлерибиз менен үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугу биздин башкы приоритетибиз»,-деп айтылды.
Билдирүүдө, «Украинадагы жана анын айланасында орусиялык аскерлердин көбөйүп жатканына жана туруксуздаштыруучу иш-аракеттерине байланыштуу биз Канаданын элчилигинин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн убактылуу чыгарып кетүү чечимин кабыл алдык. Украинанын Канададагы жана Киевдеги элчилигинин кызматкерлери кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүүнү улантат»,-делди.
АКШ менен Улуу Британия Украинадагы дипломатиялык кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн эвакуациялоо чечимин кабыл алып, бул чечимди Украинанын Тышкы иштер министрлиги «эрте» жана «өтө сактыктын белгиси» деп баалаган.