Иракта ДЕАШка каршы операция башталды

Ирактын коопсуздук күчтөрү террордук уюм ДЕАШка карай Дияла провинциясында кеңири масштабдуу операция баштады.

1767873
Иракта ДЕАШка каршы операция башталды

Ирактын коопсуздук күчтөрү террордук уюм ДЕАШка карата Дияла провинциясында кеңири масштабдуу операция баштады.

Ирактын расмий агенттиги INAдагы кабарга караганда Ирак коопсуздук күчтөрү террордук уюм ДЕАШтын өткөн жумада Диялада кол салуусунан кийин аракетке өттү.

Армия, полиция жана аба күчтөрүнөн түрдүү бөлүктөрдүн катышуусу менен кечээ Дияланын Спейем районунда террористтерге каршы кеңири масштабдуу операция башталды.

Аймактын террористтерден толугу менен тазаланышы үчүн жүргүзүлгөн жана Спейемдин ар кайсы аймактарында операциялардын улантыла турганы белгиленди.

21 - январда террордук уюм ДЕАШ Дияла облусунун Спейем районунда армия күчтөрүнө кол салып, окуяда 11 ирактык аскер шейит болду.

 



Тектеш кабарлар