БУУ Буркина - Фасо армиясын Каборени эркин бошотууга чакырды

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани БУУнун Женева кеңсесинде өткөн басма сөз жыйынында Буркина - Фасодогу төңкөрүшкө токтолду.

1768121
БУУ Буркина  - Фасо армиясын Каборени эркин бошотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму  Буркина - Фасодо аскерлер тарабынан камакка алынган президент Роч Кристиан Каборе жана башка жогорку кызмат адамдарын дароо бошотууга чакырды.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани БУУнун Женева кеңсесинде өткөн басма сөз жыйынында Буркина - Фасодогу төңкөрүшкө токтолду.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелеттин Буркина - Фасодогу аскердик төңкөрүштү «катуу айыптаганын» белгилеген Шамдасани : «Аскерлерди камактагы президент Роч Марк Кристиан Каборе менен башка жогорку даражалуу кызматкерлерди дароо бошотууга чакырабыз жана конституциялык түзүлүшкө тез арада кайтууга чакырабыз»,- деди. Шамдасани өлкөдөгү адам укуктарынын абалына көз салууну уланта тургандыгын белгиледи.

23 - январь жекшемби күнү Буркина - Фасодо бир топ аскер бийликти басып алып, мамлекеттик RTB телеканалында төңкөрүш тууралуу билдирүүнү окуган.

Билдирүү өздөрүн «Боштондук жана калыбына келтирүү үчүн патриоттук кыймыл MPSR деп атаган  топтун атынан капитан Кадер Уэдраого окуду, Оуэдраого президент Роч Кристиан Каборе бийлигинин кулагандыгын, подполковник Поль-Анри Сандаого Дамибанын MPSRнын лидери болгондугун айткан.

Буркина - Фасодо аскерлер тарабынан кармалган президент Роч Кристиан Каборе дүйшөмбү күнү, 24-январда кызматынан кеткен.



Тектеш кабарлар