Буркина - Фасонун президенти кызматынан кетти

Каборе кол жазмасы менен өлкөдө курулган жаңы хунта башкаруусуна кайрылып кат жазды.

1767764
Буркина -  Фасонун президенти кызматынан кетти


Буркина - Фасодо аскерлер тарабынан кармалган президент Роч Кристиан Каборе кызматынан кетти.

Каборе кол жазмасы менен өлкөдө курулган жаңы хунта башкаруусуна кайрылып жазган катында  жекшемби күндөн бери болуп жаткан окуялардан кийин коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн бардык кызматтарынан кетүү чечимин чыгаргандыгын жазды. Каборенин каты соцтармакта бир топ эсептен жарыяланды. 

Өлкөдө жекшемби күнү башталган аскердик кыймылдуулуктун артынан кечээ өзүн «Боштондукка чыгуу жана калыбына келтирүү үчүн патриоттук кыймыл»  деп атаган хунта башкарууну колго алгандыгын  жарыялады.

Хунтанын билдирүүсүндө конституциянын убактылуу токтотулганы, өкмөт менен парламенттин таркатылышы, аба жана кургактык чек араларынын түн жарымынан баштап экинчи буйрукка чейин жабыла турганы, экинчи буйрукка чейин саат 21.00дөн 05.00гө чейин коменданттык сааттын киргизилгендиги  билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар