Байден Европа лидерлери менен сүйлөштү

Сүйлөшүүгө көп сандаган жетекчилер катышты.

1767943
Байден Европа лидерлери менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусия-Украина чек арасындагы акыркы мезгилде күчөгөн чыңалууга байланыштуу европалык лидерлер менен сүйлөштү.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден жана Европа лидерлери өткөргөн видеолуу сүйлөшүүдө Орусиянын Украина чек арасына аскер топтошуна терең тынчсызданууларын билдиришип, Украинанын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн колдой тургандыктарын белгилешти.

Аймакта күчөгөн чыңалууга дипломатиялык чечим табуунун ар кимдин орток каалоосу экенин белгилеген лидерлер, Орусиянын Украинага карата агрессиясын күчөтө турган болсо НАТОнун чыгыш канатына колдоо көрсөтүүгө жана Орусияга карата колдонула турган оор экономикалык санкцияларга да баа беришти.

Сүйлөшүүдө лидерлер Евробиримдик (ЕБ), НАТО жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) аркылуу трансатлантикалык союздаштары жана өнөктөштөрү менен тыгыз байланышты сактоого умтула тургандарын дагы бир жолу баса белгилешти.

Сүйлөшүүгө Байденден тышкары Евробиримдик комиссиясынын төрайым Урсула фон дер Ляйен, Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Польшанын президенти Анджей Дуда жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон катышты.



Тектеш кабарлар