Улуу Британия: «Кремль Украинада орусиячыл лидерди пландаштырууда»

Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Украинада орусиячыл башкарууну түзүүнү пландап жатканы аныкталганын жарыялады.

1766986
Улуу Британия: «Кремль Украинада орусиячыл лидерди пландаштырууда»

Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Украинада орусиячыл башкарууну түзүүнү пландап жатканы аныкталганын жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Бизде орус өкмөтү Киевде орусиячыл лидерди дайындоону көздөп жатканын көрсөткөн маалыматтар бар. Украинанын мурдагы депутаты Евгений Мураев потенциалдуу талапкер катары каралууда»,делген.

Орус чалгындоосу көптөгөн украиналык экс-саясатчылар менен байланышын улантып жатканы маалыматына ээ борлушканы баяндалган билдирүүдө, бул кишилердин арасында 2012-2014-жылдар аралыгында вице-премьер-министр болгон Сергей Арбузов, 2010-2012-жылдары вице-премьер-министр жана Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович доорунда Башкы штабдын башчысы болуп иштеген Андрей Клуев, Украинанын мурдагы Коопсуздук жана коргоо кеңешинин (RNBO) төрагасынын орун басары Владимир Сивкович жана 2010-2014-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган Николай Азаров саналды.

Бул адамдардын айрымдары учурда Украинага кол салууну пландоо милдети жүктөлгөн орусиялык чалгынчылар менен байланышы бар деп болжолдонууда.

Билдирүүдө көз караштары орун алган тышкы иштер министри Лиз Трасс, бул маалыматтын Орусиянын Украинадагы тартипти бузууга багытталган иш-аракеттеринин көлөмүн жарыкка чыгарганын жана Кремлдин ой-жүгүртүүсү тууралуу түшүнүк бергенин белгиледи.

Орусиянын чыңалууну басаңдатышы, агрессия жана жалган маалымат таратуу кампанияларын токтотушу жана дипломатия жолуна түшүүсү керектигин белгилеген Трасс, Орусиянын Украинага жасаган ар кандай аскерий чабуулунун олуттуу чыгым алып келе турган чоң стратегиялык жаңылыштык болорун айтты.

Билдирүүдө айрыкча, «Британиянын Украина боюнча позициясы ачык. Биз анын эгемендүүлүгүн жана анын эл аралык таанылган чек араларында, анын ичинде Крымдагы аймактык бүтүндүгүн ачык колдойбуз. Украина көз карандысыз, суверендүү өлкө»,- деп айтылган.

Бир тараптан Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британиянын Тышкы иштер министрлигинин «Орусиянын Украинада орусиячыл башкарууну куруу планы» деген сөзүн четке кагып реакция кылды.

Министрлик орус маалымат агенттиктерине жасаган билдирүүсүндө Британиянын Тышкы иштер министрлиги жалган маалымат таратып жатканын билдирди.

Билдирүүдө, «Бул жалган маалымат Украинанын айланасындагы чыңалууну күчөткөн англосаксондор жетектеген НАТО өлкөлөрү экенинин дагы бир далили»,деп берилип,«Биз Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигин чагымчыл аракеттерди токтотууга, болбогон кептерди таратууну токтотууга жана татар-монгол баскынчылыгынын тарыхын үйрөнүүгө көңүл бурууга чакырабыз»,делди.

Ошол эле учурда АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Эмили Хорн Орусиянын Украинада Кремлге жакын башкарууну куруу планына байланыштуу мындай кутумдарга терең тынчсызданганын билдирди.

Украин элинин келечегин өзү чечүүгө укугу бар экенин белгилеген Хорн: «Биз Украинадагы демократиялык жол менен шайланган өнөктөштөрүбүздү колдойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар