Ливияда Дибейбе өкмөтүнө колдоо көрсөтүлүүдө

Ливияда 24-декабрдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлбөй калгандан кийин өлкө ичиндеги саясий туңгуюктан чыгуу үчүн чогулуп, ишке киришкен 62 депутат билдирүү таратты.

1767018
Ливияда Дибейбе өкмөтүнө колдоо көрсөтүлүүдө

Ливиянын Өкүлдөр палатасындагы 62 депутат Абдулхамид Дибейбе жетектеген Улуттук биримдик өкмөтүнүн ишин улантуу үчүн колдоо көрсөткөнүн жарыялашты.

Ливияда 24-декабрдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлбөй калгандан кийин өлкө ичиндеги саясий туңгуюктан чыгуу үчүн чогулуп, ишке киришкен 62 депутат билдирүү таратты.

Шайлоо өткөндөн кийин артка кайтуу болбой турганы баса белгиленип, бул үчүн тез аранын ичинде макулдашууга жетишүү менен чын ыкластан иштөө зарылдыгы белгиленди.

Депутаттар билдирүүдө шйлоолор өткөрүлгөнгө чейин Дибейбе өкмөтүнүн иштерин улантуусун сунуштады.

Бул процессте Дибейбе өкмөтүнөн шайлоонун жоопкерчилигин алып, өлкөнү консенсус жана бириктирүүчү ыкма менен башкаруусу талап кылынды.



Тектеш кабарлар