Нигерияда эки жумада Ласса ысытмасынан 11 адам каза болду
Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун билдирүүсүнө караганда, өлкөнү каптаган эпидемия 3 - 17 - январда 11 штатка жайылды.

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда эки жумада Ласса ысытмасынан 11 адам каза болду.
Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун билдирүүсүнө караганда, өлкөнү каптаган эпидемия 3 - 17 - январда 11 штатка жайылды.
Бул убакыттын ичинде Ласса ысытмасынын 91 учуру аныкталып, эпидемиядан 11 адам каза болгон.
Өткөн жылы өлкөдө 674 Ласса бейтабы аныкталып, 102 адам каза болгон.
Мали, Того, Гана, Либерия, Сьерра - Леоне сыяктуу көптөгөн Африка өлкөлөрүндө байкалган Ласса ысытмасы биринчи жолу Нигерияда 1969 - жылы өлкөнүн түндүк - чыгышындагы Борно штатында чыккан.
Нигерия өкмөтү 2019 - жылдын 23 - январында Ласса ысытмасынан улам "өзгөчө абал" жарыялаган.
Чычкандын заңы менен жугуучу оору адамдан адамга өтүп, өлүмгө алып баруучу геморрагиялык ысытма пайда болууда.
Бийлик калкты гигиенаны сактоону, чычкандар жана башка кемирүүчүлөргө жакындабоону эскертүүдө.
Тектеш кабарлар

Россия 34 француз дипломатты кааланбаган киши деп жарыялады
Бул кишилер нота элчиге берилген күндөн тарта эки жуманын ичинде Россиядан чыгып кетүүлөрү керек.