Мозамбикте үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон жарандардын жарымы балдар

Европа Биримдигинин  Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам операцияларынан маалымат берилди.

1766730
Мозамбикте үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон жарандардын жарымы балдар

Мозамбикте климаттын өзгөрүшү жана Ковид-19 эпидемиясынан улам миграцияга аргасыз болгон жарандардын жарымы балдар.

Европа Биримдигинин  Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам операцияларынан берилген  билдирүүдө Инди океанынын жээгинде жайгашкан Чыгыш Африка өлкөсү Мозамбиктеги адамзаттык абалга байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.

Билдирүүдө климаттын өзгөрүшү жана Ковид - 19 эпидемиясы сыяктуу ыңгайсыз шарттардан улам өлкө ичинде көчүүгө мажбур болгон жарандардын жарымынын балдар экени белгиленди.

Үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон жарандардын тез арада гуманитардык жардамга муктаж экени баса белгиленип, балдардын тамактануу көрсөткүчүнүн 52 пайызга жеткени маалымдалды.

Билдирүүдө эң көп муктаж болгон адамдардын тамак - аш жана саламаттыкты сактоо боюнча жардамга муктаж экени баса белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар