Россия Украинадагы жикчилдердин таанылышы тууралуу талкууланарын билдирди

Вячеслав Володин парламенттеги саясий партиялардын башчылары Украинанын чыгышында өздөрүн Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Эл Республикасы деп таануу сунушун талкуулай турганын билдирди.

1766283
Россия Украинадагы жикчилдердин таанылышы тууралуу талкууланарын билдирди

Россия парламентинин астыңкы палатасы Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин парламенттеги саясий партиялардын башчылары Украинанын чыгышында Россия тараптары жикчилдердин өздөрүн Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Эл Республикасы деп таануу сунушун талкуулай турганын билдирди.

Володин соцтармактан Коммунисттик партия парламентке сунуш кылган  эки башкарууну тең таануу  зарылчылыгы тууралуу Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу сунушуна байланыштуу билдирүү жасады.

"Адилеттүү Россия" менен Либерал - демократиялык партиянын сунушту колдогонун белгилеген Володин бийликтеги «Бирдиктүү Россия» партиясынын депутаттары Донбасста орус жарандарынын өмүрүн коргоого байланыштуу тынчсыздануусун көп жолу билдиргенин белгилеп, сунуштун абдан олуттуу жана жоопкерчиликти талап кылганын айтты. 

Володин : "Ушунун негизинде биз бул демилгени келерки аптада саясий партиялардын жетекчилери менен кеңешип, талкуулайбыз. Кийинчерээк жыйынтык боюнча бул маселени Мамлекеттик Думанын Кеңешинде карайбыз”,- деди. 

Украинанын президенти В. Зеленский тарабынан Минск Келишимдерин көз жаздымда калтырып жаткандарын айткан Володин : "НАТО  Украинаны басып алууну каалап жатат. Трагедияга айланып кетиши мүмкүн. Буга уруксат бербешибиз керек",- деп билдирди. 

Коммунисттик партия кечээ Россия парламентинин төмөнкү палатасы Думага Украинанын чыгышында 2014 - жылы Россияны жактаган  жикчилдер жарыялаган  Донецк Элдик Республикасы менен Луганск Эл Республикасынын  Россия тарабынан  таанылышына  карата сунушун киргизди.

 

 

 



Тектеш кабарлар