Орусия АКШ жана НАТОдон жооп күтүп жатат

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1766444
Орусия АКШ жана НАТОдон жооп күтүп жатат

Орусия АКШ жана НАТОдон коопсуздук сунуштарына жооп күтүп жатканын билдирди.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Декабрь айында АКШ жана НАТОго коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарды камтыган эки келишим долбоорун сунуштагандарын эске салган Песков, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Швейцариянын Женева шаарындагы жолугушуусуна баа берди.

Песков Блинкендин Орусияга бул сунуштарга жазуу түрүндө жооп бербегенине көңүл буруп: «Биз Блинкендин жооп бербестигин алдын ала билгенбиз. Бул жолугушуунун дагы бир максаты бар. Лавров менен Блинкендин коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасында пикир алмашуу жана жыйынтыктарды салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп үмүттөнөбүз»,- деди.

Песков: «Биринчи кадамдар ташталды. Сүйлөшүүлөр болду, кеңешүүлөр уланууда. Биздин кооптонууларга кандай жооп болот бул башка маселе. Муну жакынкы күндөрү күтөбүз»,-деп айтты.

Түркиянын Украина маселесин чечүү аракетине баа берген Песков: «Биз Анкаранын билдирүүлөрүн угуп жатабыз. Мен муну дагы бир жолу кайталайм: Украинадагы кырдаалды жөнгө салуучу ар түрдүү аракеттерикубатталат»,-деди.



Тектеш кабарлар