Израилдин коргоо министри Ковид-19ду жуктуруп алды
Ганц Ковид-19га чалдыкканын билдирди.
1766302

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жуктуруп алды.
Коалициялык өкмөттөгү Көк-Ак альянсынын лидери Ганц өзүнүн Twitter баракчасынан Ковид-19га чалдыкканын билдирди.
Ганц билдирүүсүндө: «Менин дагы Ковид-19 тесттим оң чыкты. Өзүмдү жакшы сезип жатам анткени эмдөөдөн өткөм. Бир канча күн үйдөн иштейм. Ден-соолукта болгула, көрсөтмөлөрдү аткарып, эмдөөдөн өткүлө»,-деди.
Тектеш кабарлар
Хаависто: «Финляндия Түркияны ишендире алат»
Хаависто өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызы тууралуу Yle телеканалына баа берди.