Ирак армиясына кол салуу болду
Кол салууда Ирактын 11 аскеринин каза болгону кабарланды.
1766206

Ирактын чыгышында террордук уюм ДЕАШтын армияга кол салуусунан 11 ирактык аскер шейит болду.
Дияла Операциялар командирлигинин билдирүүсүнө караганда, террордук уюм ДЕАШ Дияла облусунун Спейем районунда кол салуу жасады.
Кол салууда 11 аскердин каза болгону кабарланды.
Террор уюму ДЕАШтын кол салуусунан кийин аймакка жогорку деңгээлдеги аскердик делегациянын барганы жана кол салууга байланыштуу иликтөө иштери башталганы белгиленди.