Блинкен менен Лавровдун сүйлөшүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина кризисин талкуулаган жолугушууну Швейцариянын Женева шаарында өттү.

1766532
Блинкен менен Лавровдун сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россиянын Украина чек арасынан аскерлерин чыгарышы керектигин айтты.  

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина кризисин талкуулаган жолугушууну Швейцариянын Женева шаарында өттү.

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен : "Лавров менен жолугушуубуз сүйлөшүү эмес, чын ыкластуу пикир алмашуу болду. Биздин максат — Россиянын  дипломатияны жактайбы же жокпу, түшүнүү. Россиянын алдында эки жол бар; же дипломатиялык жолду тандоо, же чыр - чатакты тандоо. Украинага боло турган  ыктымалдуу бир кол салуу боло турган болсо  Россиянын дароо жооп аларын  Россияга билдирдик. Украинада кол салуулар күч ала турган болсо чыгымы оор болот. Россия кол сала турган болсо Украинанын жанында болобуз»,- деди.

Блинкен ошондой эле Россиянын Украина чек арасынан аскерлерин чыгарып кетүүсү керектигин айтты.

Россиянын тышкы иштер министри Лавров да : «Америкалык кесиптештерибиз, кайрадан Россия менен Украинанын ортосундагы чек ара маселесин алдыңкы планга чыгарууну жана бул жерде бардыгын болжолдуу дэскалация зарылдыгы менен шарттоого аракет кылышты. Бул бир сыйкыр абалына келди.  Бирок жолугушууну, келерки жумада, сунуштарыбызга жазуу түрүндө жооп берүү тууралуу келишим менен акырына чыгардык»,- деди.

Россиянын Украинага кол салып же салбай тургандыгы тууралуу суроого жооп берген Лавров : «Украинага кол салуу ниетинде экендигибизди айтып жатасыңар. Мунун мындай эмес экендигин көп жолу айттык»,- деди.

Украина калкын эч качан коркутушпагандарын айткан Лавров : «Батыштык кесиптештерибиздин учурдагы абалы Украинанын Донбасста күч колдонуусун көкүтүү багытында болбосо да  Киев режиминин Минск келишимдерин саботаж  кылууга карата сызыгын жашыруу багытында»,- деди.

Лавров  АКШны Минск келишимдерин ишке ашыруу үчүн Украинаны таасирлентүүгө  чакырды.



Тектеш кабарлар