Alstom 7500 адамды жумушка алат
Кечээ да француз авиакомпаниясы Airbus, быйыл 6 миң адамды жумушка ала турганын жарыялаган болчу.
Темир жол транспорту тармагында иш алып барган француз фирма Alstom, быйыл дүйнө жүзү боюнча 7500 кишини жумуш менен камсыз кыла турганын жарыялады.
Алстомдун билдирүүсүндө 2022-жылга карата жалпы заказы 77,8 миллиард еврого жеткен компаниянын бул суроо-талапты канааттандыруу үчүн дүйнө жүзү боюнча 6000 инженер жана операторго кошумча 1500 жумушчу жана техникти жумушка ала турганы белгиленди.
Бул иш менен камсыз кылуунун темир жол материалдары жана кызматтарына байланыштуу долбоорлордо болоору жана Европада 3900, Азия-Тынч океан аймактарында 1700, Түндүк жана Түштүк Америкада 1500, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азияда 400 орун бөлүнөрү билдирилди.
Билдирүүдө, өзгөчө Францияда инженердик жана сигнализация тармактары менен сапаттуу өндүрүш кызматтарында 1000ден ашуун кишинин жумушка орношо турганы белгиленди.
Кечээ да француз авиакомпаниясы Airbus, коронавирус (Ковид-19) пандемиясында начарлаган авиакомпания тармагындагы жакшыруудан кийин быйыл 6 миң адамды жумушка ала турганын жарыялаган болчу.