Тонгага жардамдар барды

Тонгада суу астындагы жанар тоонун атылышынан улам күл менен капталган  аэропорттун тазаланышынан кийин өлкөгө биринчи жардам учактары келди.

1765685
Тонгага жардамдар барды

Тонгада суу астындагы жанар тоонун атылышынан улам күл менен капталган  аэропорттун тазаланышынан кийин өлкөгө биринчи жардам учактары келди.

Жаңы Зеландия жана Австралияга таандык аскердик жүк ташуучу  учактары менен өлкөгө суу резервуарлары, чатырлар, генераторлор, гигиеналык материалдар жана байланыш каражаттары жиберилди.

Австралия өкмөтү дагы аэропортту тазалоо үчүн учуу тилкесин шыпыргыч жөнөтүлгөнүн жарыялады. Ковид - 19 эпидемиясынын башталышынан бери бир гана бейтап  аныкталган өлкөдө вирустун жайылышын алдын алуу максатында жардам материалдарын жеткирүү контактсыз жүргүзүлгөндүгү белгиленди.  

Жаңы Зеландиянын деңиз флоту да өлкөгө 250 миң литр ичүүчү суу жана тузсуздандыруу системасын ташыган кеменин жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Япон өкмөтү да өлкөгө ичүүчү суу жана вулкандын күлүн тазалоочу жабдуулар менен шашылыш жардам жөнөтө турганын жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, аралдагы кырсыктан улам келип чыккан цунамиден  3 кишинин каза болгонун, көп сандаган адамдын жарадар болгонун жана суу булактарынын булганганын билдирди.

15 - январда Тонгадагы Хунга Хаапай аралында суу астындагы вулкан атылып, Канада, Австралия, Америка Кошмо Штаттары, Чили, Перу, Эквадор, Жаңы Зеландия, Фиджи жана Япония сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген.

Аралда системалардын иштебей калышынан улам байланыш кыйынчылыгы болгондуктан каза болгондордун саны дагы көп болушунан тынчсыздануулар болууда.



Тектеш кабарлар