Шахван Абдулланын кеңсесине кол салуу болду

Кол салууда адам өлүмү катталбаганы белгиленди.

1765436
Шахван Абдулланын кеңсесине кол салуу болду

Ирак парламентинин төрагасынын орун басары Шахван Абдулланын Керкүк шаарындагы кеңсесине бомбалуу кол салуу болду.

Керкүк полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури, парламенттин төрагасынын орун басары Шахван Абдуллахтын кабинетине өздүгү тактала элек адамдар айдаган унаанын ичинен граната ыргытылганын билдирди.

Кол салууда адам өлүмү катталбаганын белгилеген Нури, кеңседе материалдык зыяндын болгонун жана окуяга байланыштуу иликтөө башталганын кабарлады.


Этикеткалар: #Ирак парламентинин

Тектеш кабарлар