Раиси: «Ирандын Орусия базарындагы үлүшүнүн артышы мүмкүн»

Ирандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Орусиядагы жолугушууларынын алкагында борбор шаар Москвада ирандыктар менен жолугушкан Раиси, эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берди.

1765637
Раиси: «Ирандын Орусия базарындагы үлүшүнүн артышы мүмкүн»

Ирандын президенти Ибрахим Раиси өлкөсүнүн Орусия базарындагы үлүшүнүн артышы мүмкүн экенин жана  эки өлкөнүн жетекчилеринин бул темада бирдей пикирде экендиктерин айтты.

Ирандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Орусиядагы жолугушууларынын алкагында борбор шаар Москвада ирандыктар менен жолугушкан Раиси, эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу тууралуу маалымат берген Раиси: «Ирандын Орусия рыногундагы үлүшү көбөйүшү мүмкүн. Орус президенти да ошондой эле Ирандын орус рыногундагы үлүшү сөзсүз көбөйүшү мүмкүн экенин айтты. Кызматташтыкты арттыруу үчүн көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды жоюуга олуттуу эрк бар»,-деп айтты.

Раиси жолугушуунун бир бөлүгүнүн экономикалык тармактагы карым-катнаштарды арттырууга багытталганын белгилеп: «Жолугушуунун тыянагы мындай: Эки өлкөнүн жетекчилери да көйгөйлөрдү чечүүнү жана мамилелерди бекемдөөнү каалайт»,-деди.

Расмий сүйлөшүү үчүн кечээ Москвага барган Раиси, Орусиянын президенти Путин менен жолугушту.



Тектеш кабарлар