Орусия АКШны Украинага курал жибербөөгө чакырды

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков борбор калаа Москвада өткөрүлгөн конференцияда АКШнын Украинага байланыштуу кыймылдарына баа берди.

1765346
Орусия АКШны Украинага курал жибербөөгө чакырды

Орусия АКШны Украинага курал-жарак жеткирүү аркылуу аскердик колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков борбор калаа Москвада өткөрүлгөн конференцияда АКШнын Украинага байланыштуу кыймылдарына баа берди.

Европадагы коопсуздук абалынын оор экенин жана АКШнын Украинага аскердик колдоо көрсөтүп жатканын баса белгилеген Рябков, Украинага курал-жарак ташуу, машыктыруучу колдоо, аскердик база куруу жана машыгууларды токтотуу керектигин айтты.

Украинаны коркуткан аракеттерге барбай тургандарын айткан Рябков: «Биз өзүбүздүн жерибизде гана машыгууларды уюштурабыз жана аскер бөлүктөрүн үзгүлтүксүз көчүрүп келебиз, мындан ары да бул ишти улантабыз»,-деп айтты.

Европада же башка жерлерде чоң масштабдуу согуш коркунучу жок экенин белгилеген Рябков, Украинага кол салуу ниеттери жок экенин айтты.

 

Рябков ошондой эле АКШ Украинаны Минск келишимдерин аткарууга мажбурлоосу керектигин баса белгиледи.

Коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарды камтыган эки келишимдин долбоорун 2021-жылдын декабрь айында АКШ менен НАТОго тапшырышканын эске салган Рябков, бул сунуштарга жазуу жүзүндө жооп күтүп жатышканын билдирди.



Тектеш кабарлар