Индиянын аскердик кемесинде жарылуу болду

Жарылуудан 3 моряк каза болду.

1764987
Индиянын аскердик кемесинде жарылуу болду

Индиянын аскердик кемесинде чыккан жарылуудан 3 моряк каза болду.

Деңиз флотунун басма сөз катчысы берген маалыматта борбор шаар Мумбай шаарындагы кеме куруучу заводунда  INS Ranvir  аскердик кемесинде жарылуу болгондугу билидирилди.

Кеменин ичинде болгон жарылуудан 3 моряктын каза болгондугун маалымдаган катчы : «Кеменин экипажынын  ылдам кыймыл кылуусу менен  жарылуу көзөмөлгө алынды. Чоң материалдык чыгым болгон жок»,- деди.

Катчы аскердик кеменин ноябрь айынан бери  операциялык жайгаштырууда экендигин жана кыска убакытта база портко кайтып келерин айтты.

Окуяда жаракат алгандардын бар же жок экендиигне байланыштуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар