Блинкен Путинге чакырык жасады
Украинаны колдоо үчүн Украинага барган Энтони Блинкендин бул билдирүүсү орус кесиптеши Лавров менен Женевадагы жолугушуусуна эки күн калганда жасалганы көңүлдү бурду.

Украинада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди «тынчтык жолун» тандоого үндөдү.
Украинаны колдоо үчүн Украинага барган Энтони Блинкендин бул билдирүүсү орус кесиптеши Лавров менен Женевадагы жолугушуусуна эки күн калганда жасалганы көңүлдү бурду.
АКШнын Украинадагы элчилигинде сөз сүйлөгөн Блинкен: «Биз бул (кризисти) дипломатиялык жана тынчтык жолу менен сактай алабыз деп ишенем, бирок акыры бул президент Путиндин чечими болот»,-деди.
Блинкен Киевдеги сапары учурунда Путин Украинанын чек арасына дагы кошумча аскер жибериши мүмкүн деп ырастап: «Биз бул күчтү абдан кыска убакыттын ичинде дагы көбөйтүү пландары бар экенин билебиз жана бул президент Путинге Украинага каршы өтө кыска убакыттын ичинде агрессивдүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар

Орус армиясынын Украинадгы жоготуулары
Украинанын Башкы штабы орус армиясы акыркы 24 саатта дагы 250 аскерин жоготкондугун билдирди.