АКШ: «Учурда Орусия каалаган убакта Украинага кол сала турган баскычтабыз»

Ак үйдө өткөрүлгөн маалымат жыйынында Псаки Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу акыркы абалдарга баа берди.

1764924
АКШ: «Учурда Орусия каалаган убакта Украинага кол сала турган баскычтабыз»

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки: «Учурда Орусия каалаган убакта Украинага кол сала турган баскычтабыз»,- деп эскертти.

Ак үйдө өткөрүлгөн маалымат жыйынында Псаки Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу акыркы абалдарга баа берди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Украина жана Германияга сапар жасай турганын эске салган Псаки, Блинкендин Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айтты.

Псаки, Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кечээки телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Женевада жолугушууну макулдашкандарын жана бул жолугушууда Блинкендин Орусияны чыңалууну азайтуу боюнча эскерте турганын айтты.

«Чек арага он миңдеген аскерди топтогон Орусиянын президенти Владимир Путиндин» Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуудан жооптуу экенин белгилеген Псаки: «Ачыгын айтайын, кырдаал азыр кыйла опурталдуу. Учурда Орусия Украинага каалаган убакта кол салышы мүмкүн болгон этапта турабыз. Блинкен Женевадагы жолугушууда бул жаатта дипломатиялык жол бар экенин ачык айтат. Украинага басып кирүүнүн оор экономикалык кесепеттерин тартып тартпай турганы Путин жана орустарга байланыштуу болот»,-деди.

Псаки, Орусиянын Украинага басып кирген учурунда бардык варианттардын үстөлдө экенин баса белгилеп, экономикалык санкциялар темасында европалык өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар