НАТО космос саясатын жарыялады

Ар тараптуу Космос саясатын бөлүшкөн НАТО, мүчөлөрүнүн коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн космос барган сайын маанилүү болуп бара жатканын билдирди.

1764411
НАТО космос саясатын жарыялады

Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму НАТО космостук коркунучтар альянстын 5-беренесин ишке ашырууга алып келиши мүмкүн деп билдирди.

Дүйшөмбү күнү коомчулук менен өзүнүн Ар тараптуу Космос саясатын бөлүшкөн НАТО, мүчөлөрүнүн коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн космос барган сайын маанилүү болуп бара жатканын билдирди.

Текстте космостун айыл чарбадан транспортко, илимден байланышка чейин көптөгөн тармакка салым кошконуна көңүл бурулду.

Космос коркунучтарын да камтыган саясат текстинде өткөн жылы Бельгияда болгон Брюссель саммитинде союздаштардын космосто же космоско байланышкан кол салуулардын ачык бир «чакырык» болору боюнча макулдашкандары эске салынып, бул контекстте НАТОнун 5-беренесинин колдонулушу мүмкүн экени дагы бир жолу баса белгиленди.

НАТО 2019-жылы космосту «операциялык аймак» деп жарыялап, ошол эле жылы Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Космос күчтөрүн өзүнчө аскер бөлүгү катары түзгөн.

5-беренеге ылайык, эгер НАТОго мүчө кайсы бир өлкөгө кол салуу болсо, бул чабуул НАТОго мүчө бардык өлкөлөргө каршы жасалган деп эсептелет.



Тектеш кабарлар