Кара алмаз аукциондо сатылат

"Enigma" деп аталган бриллиант 5 миллион долларга сатылышы күтүлүп,  сатууда крипто акчалар кабыл алынат.

1764417
Кара алмаз аукциондо сатылат

Дүйнөдөгү эң баалуу асыл таштардын бири болгон кара алмаз аукционго коюлат.

"Enigma" деп аталган бриллиант 5 миллион долларга сатылышы күтүлүп,  сатууда крипто акчалар кабыл алынат.

555,55 караттык дүйнөдөгү эң чоң кесилген кара алмаз «Enigma» Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы Sotheby's аукцион үйүндө көргөзмөгө коюлду.

Гиннес рекорддор китебине катталган «Enigma» аукциондо сатылат.

«Enigmaнын» 5 миллион долларга сатылышы күтүлүүдө.

Алмаздын 2 миллиард 600 миллион жыл мурда жерге бир астероиддин же метеордун түшүшү менен пайда болгондугу болжолдолууда.

«Enigma» Дубайдан кийин АКШнын Лос Анжелес шаарында жана Британиянын борбор шаары Лондондо көргөзмөгө коюлат. Андан кийин 3 -  февралда 7 күндүк онлайн аукциондо сатылат. Алмаздын сатылышында крипто акча кабыл алынат.



Тектеш кабарлар