Израиль күчтөрү 18 палестиналыкты камакка алды

Палестина басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Израил күчтөрү Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде тинтүү жүргүздү.

1764409
Израиль күчтөрү 18 палестиналыкты камакка алды

Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шериада 18 палестиналыкты камакка алды.

Палестина басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Израил күчтөрү Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде тинтүү жүргүздү.

Тинтүү учурунда негизинен Наблус жана Рамалла шаарларынан 18 киши кармалды.

Оккупациядагы Батыш Шериада жана Чыгыш Иерусалимде үйлөрдө тез - тез  тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү, ар кандай шылтоолор менен палестиналыктарды камакка алууда.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камакка алууларда араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан айрымдары көптөгөн күндөр камакка алуу борлорлорунда кармалууда.



Тектеш кабарлар