Афганистанда жер титирөө болду

Жер титирөөдө 22 адам каза болду.

1764116
Афганистанда жер титирөө болду

Афганистандын батышында болгон 5,3 баллдык жер титирөөдө 22 адам каза болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөө борборунун билдирүүсүндө, эпицентри Бадгис облусунун борбору Кале-и Нев шаарынан 41 километр чыгышта болгон, күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөөнүн жердин  18, 8 километр тереңдигинде болгондугу билдирилди. 

Жергиликтүү жетекчилер Багдистин Кадс районунда болгон жер титирөөдө араларында балдар да болгон 22 адамдын каза болгондугун маалымдашты. 

Жер титирөөнүн кесепетинен 4 кишинин жараланганын белгилеген жетекчилер издөө  -куткаруу иштеринин уланып жатканын жана каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданып жатышкандарын билдиришти.

Бадгистин Мукур районунда кээ бир үйлөрдүн кыйрап, жабыркагандардын бар экени катталды. Жер титирөө өлкөнүн батышындагы Герат жана Фарах облустарында да сезилди. 

 



Тектеш кабарлар