Моизди өлтүрүүнүн негизги фигурасы кармалды

Ямайка Улуттук полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө, Жон Жоэл Жозефтин Ямайкада кармалганы билдирилди.

1763216
Моизди өлтүрүүнүн негизги фигурасы кармалды

7-июлда Гаитиде президент Жовенел Моизди өлтүргөн негизги фигуралардын бири Жон Жоэл Жозеф Ямайкада кармалды.

Ямайка Улуттук полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө, Жон Жоэл Жозефтин Ямайкада кармалганы билдирилди.

Өлтүрүүдөн кийин Гаити улуттук полициясынын башчысы Леон Чарльз, кол салуудан кийин кутумдун негизги оюнчусу Жосеф болгонун, өлтүрүүчүлөр тобун курал менен камсыздап, жолугушууларды пландаштырганын айткан.

Моиз 7-июлда Гаитинин борбору Порт-О-Пренстеги үйүндө киши колдуу болуп каза болгон. Кол салууда Моиздин жубайы Мартин Моиз жарадар болгон.



Тектеш кабарлар